• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Саламаттык сактоо министрлиги санариптик лицензиялоо системасын ишке киргизди

Ден соолук 0

Бишкек, 18.04.22. /Кабар/. КР Саламаттык сактоо министрлиги саламаттык сактоо тармагындагы ишмердүүлүктү лицензиялоо жана уруксат берүү үчүн санариптик системаны пилоттук түрдө ишке киргизди.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, системаны ишке киргизүү системанын деңгээлинде коррупциялык мүмкүнчүлүктөрдү болтурбоо боюнча чараларды ишке ашыруу жана лицензиялык-уруксат берүү системасын жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында ишке ашырылган.

Санариптик лицензиялоо системасын киргизүү «СанарипМЕД» концепциясы жана санариптик саламаттыкты өнүктүрүүнүн бекитилген максаттуу моделинин алкагында каралууда.

КР президентинин “КРда саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү жана калктын жашоо-турмушун жана ден соолугунун сапатын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө”, “Мамлекеттик медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыктарынын алкагында жана калкка муниципалдык кызмат көрсөтүү», ошондой эле саламаттык сактоодо «Санариптик экономика» мамлекеттик программасынын долбоорлорун ишке ашыруу, Кыргызстанда медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө лицензия алуу автоматташтырылган.

Медициналык жана фармацевтикалык ишти жүзөгө ашырууга лицензия алууда ачык жана эффективдүү ишти камсыз кылуу, ошондой эле коррупциялык тобокелдиктерди системалуу түрдө демонтаждоо үчүн Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Электрондук саламаттык сактоо борбору арыз берүү, кароо жана лицензия алуу үчүн онлайн системасын иштеп чыгуу жана киргизүү аркылуу бизнес-коомчулуктун жана Саламаттык сактоо министрлигинин ыйгарым укуктуу түзүмдүк органдардын өз ара аракеттенүүсүн автоматташтырды. Медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө лицензия алуу үчүн универсалдуу анкета жана документтердин пакети шилтемеде жеткиликтүү.

«Бизнес менен өз ара аракеттенүү форматын электрондук форматка өткөрүп, ишкерди министрликке келип, документтерди тапшыруу зарылдыгынан куткарып, ведомстволор аралык маалымат алмашууну кеңейтип жатабыз. Маалыматтык системанын иштешине мониторинг жүргүзүлүп, арызды кароонун мөөнөтүн кыскартуу боюнча чечим кабыл алынат. Ведомстволор аралык маалымат алмашууну мындан ары кеңейтүү аркылуу берилүүчү документтердин санын кыскартууга жетишилет», - деди саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Б.Жангазиев маалымат системасын ишке киргизүү боюнча комментарий берип жатып.

Электрондук түрдө өтүнмө берүү, кабыл алуу, кароо жана өтүнмө ээсинин талаптарга ылайык келишин текшерүү үчүн документтерди кароонун натыйжасын берүү процессин кескин жөнөкөйлөтөт жана ачык-айкын кылат.

Маалымат үчүн: жеке медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүк менен алектенүүнү каалаган укуктук жана менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар ​​Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте лицензия алууга милдеттүү.

Пикир

Оставить комментарий