• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аламүдүн районунда трактор уурдоого шектүү жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.03.21. /Кабар/. Аламүдүн районунда трактор уурдоого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 13-мартында Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө 54 жаштагы В.С. аттуу жашоочу арыз менен кайрылып, Аламүдүн районундагы айылдарынын биринен асфальт жаткырган тракторун белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 7 миң АКШ долларын түзгөн.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, буга чейин соттолгон 34 жаштагы К.М. жана 18 жаштагы Э.Э. аттуу жарандар кармалышкан.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий