• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Ысык-Көлдө 9 кг баңгизат менен Чүй облусунун тургуну кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.10.23. /Кабар/. Ысык-Көлдө 9 килограмм баңгизат менен Чүй облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга Ысык-Көл районунун аймагында жергиликтүү тургун мыйзамсыз баңгизат сактап жүргөндүгү жөнүндө маалымат түшкөн.

Аталган маалымат Ысык-Көл РИИБге катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында шектүү Чүй облусунун 46 жаштагы тургуну, убактылуу Чолпон-Ата шаарында жашап жаткан Д.Б. болуп чыкты.

Кылмышка шектүүнүн үйүнө тинтүү иштери жүргүзүлүп, натыйжада жапайы кендирдин өзгөчө жыты бар өсүмдүктөр табылып алынган. Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгында алынган баңгизат таза салмагы 9 килограмм 427 граммды түзгөн марихуана болуп чыккан.

Райондук соттун чечими менен шектүү бир айга камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий