• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги уулануу. 36 тез татым түйүнү текшерилип, 568 миң сомго айып салынды

Ден соолук 0

Бишкек, 03.10.23. /Кабар/. Бишкектин Санэпидкөзөмөл борбору эки күндүн ичинде 37 тез татым түйүнүн текшерди.

“Кабар” агенттигине ведомстводон билдиришкендей, тез татым түйүндөрүнөн үлгүлөр алынган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында санитардык эреже бузгандыгы үчүн 36 протокол түзүлүп, 568 миң сомго айып салынды.

Ошондой эле, аныкталган кемчиликтер жоюлганга чейин 10 коомдук тамактануучу жай жабылды.

Мындан тышкары, жер-жерлерде алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Эскерте кетсек, дем алышта Бишкектин Чүй жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Беш Лаваш" жана "Мидос" тез татымдарынан шаурма жегендер уулангандыгы катталган.

Бүгүн, 3-октябрга карата кайрылгандардын жалпы саны 71 адамды түзүп, алардын 36сы ооруканага жаткырылган.

Пикир

Оставить комментарий