• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК 4 кг мефедрон менен чет өлкөлүктөрдү кармады – видео

Укук тартиби 0


Бишкек, 29.08.23. /Кабар/. Бишкекте эл аралык баңги тобунун кылмыштуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлуп, топтун мүчөлөрүнөн 4 кг ашуун мефедрон алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-августта "Манас аэропорту - Бишкек" унаа жолундагы Степное айылынын жакын жерде BMW үлгүсүндөгү унаасы менен 22 жаштагы Ф.А.С., 21 жаштагы Ж.А.М. жана 20 жаштагы А.Р.М. аттуу чет элдик жарандар кармалып, алардын жанынан жалпы салмагы 4 кг 166 гр болгон мефедрон синтетикалык баңгизаты табылган.

Аталган баңгизаттын 1 граммынын базар баасы 6000 сомду түзүп, жалпысынан табылган жүктүн баасы 24 млн 996 миң сомго бааланат.

Бул факты боюнча КР мыйзамдарына ылайык кылмыш иши козголуп, кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Бүгүнкү күндө синтетикалык келип чыккан дары-дармектердин жаңы түрлөрүнүн пайда болушунун динамизмине байланыштуу, ошондой эле бөлүштүрүүнү жана маркетингди уюштурууда анонимдүүлүктү камсыз кылган коммуникация ыкмалары (Интернет мессенджерлери, социалдык тармактар), белгилүү бир акчалай сыйлык үчүн жаштар кеңири тартылган.

Буга байланыштуу УКМК ата-энелерди балдарына карата этият болууга, алардын оюн-зоок жана айлана-чөйрөсүн көзөмөлдөсүнө, ошондой эле такай түшүндүрүү иштерин кылып, ар дайым аңгемелешүү жүргүзүп турууларына чакырат.

Эскерте кетсек, КР Кылмыш-жаза кодексине ылайык, мындай кылмыштар үчүн 14 жаштан ашкан адамдар мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Учурда аталган баңги каналынын башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланып, бул багытта активдүү иштер жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий