• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүйдө “Йакын-инкар” диний-экстремисттик агымдын жактоочулары кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.07.22. /Кабар/. Чүй облусунда “Йакын-инкар” диний-экстремисттик агымдын жактоочулары кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Милиция жана УКМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргызстанда тыюу салынган кыймылдын мүчөлөрү жашаган үч даректе тинтүү жүргүзүлдү.

Натыйжада ар кандай диний адабияттар, баракчалар, дептерлер жана уюлдук телефондор алынып, текшерүү үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Экспертизанын жыйынтыгында алынган адабияттарда Кыргызстанда тыюу салынган “Йакын-инкар” диний-экстремисттик агымынын идеологиясы бар экендиги аныкталган.

Үстүбүздөгү жылдын 6-июлунда көрсөтүлгөн факты боюнча чогултулган материалдар өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинин (“Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо”) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Шектүү катары мурда соттолгон 29 жаштагы Б.О., 35 жаштагы С.К., жана К.У., аттуу жарандар кармалып, Сокулук райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Алар “Йакын-инкар” диний-экстремисттик агымынын идеяларын жайылтуу максатында үгүт иштерин жүргүзүп келишкени аныкталып, сот тарабынан Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Учурда сотко чейинки териштирүү иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий