• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аламүдүн районунда унаа сууга түшүп, эки адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. Аламүдүн районунда унаа сууга түшүп, эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 8-сентябрда саат 21:10 чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Дачное айылында ГЭС-5 көлмөсүнө “Nissan Cefiro” үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен, унаада 31 жаштагы эркек жана 36 жаштагы аял киши болгон.

Бүгүн издөө иштерин улантуу максатында жерине КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, саат 10:35те унааны суудан чыгарып, каза болгон жарандардын сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий