• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алдамчылыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды - ИИМ

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. Бишкекте алдоо жолу менен жабырлануучунун жер тилкесин, унаасын ээлеп алган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Тергөө кызматына У.Н. аттуу аял киши арыз менен кайрылып, 2018-жылдын ноябрь айында алдоо жолу менен анын ишенимине кирип, жер тилкесин, “РЕНО 340” үлгүсүндөгү унаасын ээлеп алып, андан соң изин жашырып качып кеткен “Куба” аттуу жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.

Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмүндө ("Алдамчылык") каралган кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Тыкыр иликтөө максатында милиция кызматкерлери шектүүнүн өздүгүн тактоо, жашаган жерин жана тааныштарын аныктоо боюнча иштерди жүргүзүшкөн.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын кызматкерлеринин аракети менен Бишкек шаарында жашаган шектүү 1989-жылы туулган О.К. кармалды. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери уланып жатат.

Пикир

Оставить комментарий