• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Алексеевка айылынын жашоочусунан Улуу Ата Мекендик согуш маалындагы курал табылды

Коом 0

Бишкек, 11.12.20. /Кабар/. Жайыл райондук ИИБсинин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан Алексеевка айылынын жашоочусунан ок атуучу курал табылып алынды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн “Укуктук тартип” аталышындагы рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Алекссевка айылынын 1965-жылы туулган К.В. аттуу жашоочусунун үйүнөн Улуу Ата Мекендик согуш маалындагы «Шпагиндин тапанча-пулемётуна» окшош ок атуучу курал табылып алынган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 252-беренесинде ("Ок атуучу куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") көрсөтүлгөн кылмыш курамы боюнча катталды.

Азыркы учурда тергөө кызматы зарыл болгон экспертизаларды дайындады.

Сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий