• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алимбаев: Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал тынч (видео)

Аймак 0


Бишкек, 21.09.22. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасында жалпысынан кырдаал тынч. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.

Ал учурда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде тажик кесиптештери менен биргеликте жумуштар жүрүп жаткандыгын айтты.

"Биздин максат чек арада тынчтыкты кармап калуу, атышууга, тополоңго жол бербөө. Такталбаган маалыматтарга ишенбеңиздер. Маалыматтардын баары биз аркылуу текшерилип жатат. Саат 21:45, учурда чек арада жалпысынан кырдаал тынч", - деди Алимбаев.

Пикир

Оставить комментарий