• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алматада экстремист делген адам алты жылга соттолду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 4-август /Кабар/. Алматада сот экстремисттик топтун курамында согушуу үчүн Сирияга барууну пландап жаткан» адамга карата мүлкүн конфискациялоо менен алты жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу 2-августта жергиликтүү маалымат каражаттары сотко шилтеме кылып билдиришти.

Соттун басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, соттолгон жаран «Жабхат ан-Нусра» тобунун катарында согушуу үчүн Кыргызстан, Түркия аркылуу Сирияга өтүүнү пландаган.

Соттолгон адамдын казак аткаминерлери деструктивдүү агым катары эсептеген салафизмдин жактоочусу экени айтылууда.

1-августта Алмата шаардык сотунун токтому менен Алмалы райондук сотунун өкүмү күчүндө калтырылып, өкүм мыйзамдуу күчүнө кирди.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий