• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Алмаз Исанов: “Дүйнө климаттык туруктуулуктун маанилүүлүгүн түшүнүүгө багыт алууда”

Өкмөт 0

Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин “2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында, аны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тийиштүү иш-чаралар планы иштелип чыгууда.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөп жатып, 2022-жылды Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы деп жарыялоо демилгесин көтөргөн.

2021-жылдын 16-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясы 2022-жылды “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы” деп жарыялоо жөнүндө резолюциясын кабыл алып, бул демилгени бир добуштан колдошкон.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Алмаз Исанов учурда дүйнө климаттык туруктуулуктун маанилүүлүгүн түшүнүүгө багыт алып жатканын белгиледи.

“Ушундан улам суу адамзаттын жашоосу үчүн өтө маанилүү баалуулукка айланып баратат, ошондой эле климаттын өзгөрүшү экономикалык программаларда эске алынышы керек деген жыйынтык чыгат. Экономикалык программаларды жана стратегияларды иштеп чыгууда экологиялык маселелер эске алынышы керектигин өлкөбүз так түшүнөт.

“Туруктуулук” деген сөз өнүгүү келечек муундарга жана жаратылыш ресурстарына зыян келтирбеши керектигин туюнтат. Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасында бул тармакка арналган иш-чаралардын бүтүндөй блогу камтылган. “Жол картасын» жазууда биздин тоолуу экосистемалардын сакталышы артыкчылыктуу багыт болот” – деп билдирди ал.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын реформаларга мониторинг жана анализ бөлүмүнүн башчысы Азамат Темиркулов түшүндүргөндөй, Жердеги климат өзгөрүүдө жана ал Бириккен Улуттар Уюму тарабынан учурдун негизги чакырыктарынын бири деп таанылган. Анын айтымында, “2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоо боюнча чаралар кабыл алынат.

“Биздин өлкөнүн атмосферага парник газдарынын эмиссиясын азайтуу боюнча милдеттенмесинин алкагында, бак-дарактарды массалык отургузуу аркылуу токойлордун аянтын көбөйтүү пландаштырылууда. Анткени жашылдандыруу айлана-чөйрөнүн температурасынын төмөндөшүнө таасирин тийгизет, кыртышта ным топтойт, кычкылтек чыгарып, абаны нымдаштырат.

Жалпыга маалым болгондой, мөңгүлөр глобалдык масштабда климаттын турукташуусуна таасирин тийгизет. Тоолуу өлкөлөрдүн маанисин бүт дүйнө түшүнөт. Башка мамлекеттер мөңгүлөрдүн эрүүсүн токтотпосо да, аны жайлатуу боюнча тоолуу өлкөлөргө жардам бериши керек. Болбосо, дарыялардын деңгээли төмөндөп, бул өз кезегинде социалдык жана экономикалык терс кесепеттерге алып келип, бүткүл дүйнөдөгү коопсуздукка коркунуч келтирет”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий