• 88.68
  • 95
  • 0.95

Минскте Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-беларусь өкмөттөр аралык жыйыны өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 24.08.23./Кабар/. Минск шаарында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев менен Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары Анатолий Сивактын төрагалыгы алдында Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-беларусь өкмөттөр аралык комиссиясынын он биринчи отуруму болуп өттү.

Тараптар кыргыз-беларусь соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Жыйындын күн тартибинде өнөр жай, транспорт, айыл чарба жана агроөнөр жай комплекси тармагында кызматташуу, аймактар аралык кызматташууну өнүктүрүү жана башка маселелер каралды.

МинКаб Төрагасынын орун басары өз ара сапарлар жана жогорку деңгээлдеги жолугушуулар, ошондой эле жетишилген макулдашуулар жана кол коюлган документтер ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө негизги ролду ойной турганын белгиледи.

Кыргызстан менен Беларусь эл аралык платформаларда дагы конструктивдүү кызматташып, өз ара аракеттенүүнүн негизги маселелери боюнча колдоо көрсөтүлүүдө.

Бул багытта МинКаб Төрагасынын орун басары Кыргыз Республикасынын Президентинин Беларусь Республикасынын Президентине Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышууга чакыруу боюнча жеке билдирүүсүн жолдоду, жыйын үстүбүздөгү жылдын 13-октябрында Бишкекте өтөт.

Жыйындын жүрүшүндө тараптар биргелешкен инфраструктуралык жана кооперациялык долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле бул багыттар боюнча өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты бекемдөө максатында өнөр жай, транспорт жана логистика боюнча жумушчу топторду түзүүнү макулдашышты.

Билим берүү тармагында Беларустун алдыңкы жогорку окуу жайларында бюджеттик бөлүмдөрдөгү орундардын санын көбөйтүү маселесин кароо сунушталды.

Түз байланыштарды активдештирүү максатында тараптар эки өлкөнүн ортосунда Бишкек-Минск каттамы боюнча түз үзгүлтүксүз аба каттамдарын иштеп чыгууга өз ара кызыкдарлыгын билдиришти.

Өнөр жайлык кооперация жана жер казынасын пайдалануу жаатындагы кызматташтык жагынан МинКаб Төрагасынын орун басары Кыргызстандагы ресурстук базанын чоң потенциалын белгиледи, бул өндүрүштү биргелешип өнүктүрүү аркылуу өндүрүлгөн продукцияны локализациялоонун жогорку деңгээлине ээ ишканаларды ачууга мүмкүндүк берет.

Буга байланыштуу кыргыз тарап белорусь кесиптештери менен технологиялар жана тажрыйба алмашуу, нефтехимия, металлургия, кремний жана текстиль кластерлери, минералдык жер семирткичтерди өндүрүү жана башка тармактарда биргелешкен ишканаларды уюштурууга даярдыгын билдирди.

Мындан тышкары, тараптар темир жол тармагы үчүн кесипкөй жана техникалык кадрларды даярдоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашышты.

Беларусь тарап Кыргыз Республикасынан жашылча-жемиштерди туруктуу жеткирүүнү уюштурууга кызыкдар экенин билдирди.

Ошондой эле кыргыз тарап Кыргызстан менен Беларустун аймактарынын аймактар аралык кызматташтыгын бекемдей турган Региондор форумун өткөрүүнү сунуштады.

Бул контекстте тараптар Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусу менен Беларусь Республикасынын Гродно облусунун ортосунда эки тараптуу кызматташуунун практикалык жолго коюлганын канааттануу менен белгилешти.

Соңунда Бакыт Төрөбаев белорусь тарапка жылуу кабыл алгандыгы жана биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын 11-жыйынынын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди, ошондой эле жолугушуунун жыйынтыгында кабыл алынган чечимдер кызматташтыкты тереңдетүүгө жана кыргыз-беларусь кызматташтыгын бекемдөөгө кызмат кылат деген ишенимин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында төмөндөгү документтерге кол коюлду:

- жакынкы жана орто мөөнөттүү мезгилге эки тараптуу иш-чаралардын кеңири спектрин камтыган жолугушуунун протоколу;

- Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусу менен Беларусь Республикасынын Гродно облусунун ортосундагы кызматташуунун жол картасы;

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы менен Беларусь темир жолдорунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасы менен “Белжелдорпроект” институту” долбоорлоо-изилдөө республикалык унитардык ишканасынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум.

Пикир

Оставить комментарий