• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаров Европарламенттин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасын кабыл алды

Президент 0


Бишкек, 24.08.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаро бүгүн, 24-августта, өлкөгө сапар менен келген Европарламенттин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Дэвид Макалистер баштаган Европарламенттин делегациясын кабыл алды.

Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттары, анын ичинде регионалдык кызматташтык боюнча мындан аркы кызматташуу боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын тышкы саясатында Евробиримдиктин өзгөчө ордун эске салып, эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы мамилелер ишеним жана достуктун негизинде өнүгүп келе жатканын белгиледи.

Садыр Жапаров 31 жыл аралыгында эки тараптуу кызматташуу эки тарапты кызыктырган дээрлик бардык чөйрөлөрдө, анын ичинде парламенттер аралык мамилелердин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү боюнча бекемделгенин билдирди.

Президент ЕБ менен кызматташууну мындан ары да чыңдоого үмүттөнөрүн билдирди жана кол коюуну күтүп жаткан Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашуунун негизги ролун белгиледи. Бул кызматташтыктын негизги багыттарынын бири экономиканы өнүктүрүү болуп саналат.

Өз кезегинде Европарламенттин Төрагасы Дэвид Макалистер Садыр Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, саясий, экономикалык чөйрөлөрдө, ошондой эле аймактык маселелерди чечүүдөгү эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө жана азыркы деңгээлине канааттануусун билдирди.

Мындан тышкары, ал Европарламент Кыргызстанга керектүү колдоо көрсөтүү менен эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана тереңдетүүгө даяр экенин билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Европарламенттин делегациясынын башчысы кыргыз тарапты Брюсселге иш сапары менен барууга чакырганын ырастады.

Европарламенттин төрагасы Дэвид Макалистер Президент Садыр Жапаровдун Борбор Азия өлкөлөрү менен Евробиримдиктин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого кошкон маанилүү ролун жана чоң салымын баса белгиледи.

Тараптар эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу багыттары боюнча диалогду улантууга даярдыгын ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий