• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алмазбек Атамбаев ЖЕЭК жыйынын расмий түрдө ачты

Саясат 0

Бишкек, 14-апрель /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Бишкектеги "Ала-Арча" резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынын расмий түрдө ачты.

“Учурдан пайдаланып, бардык мамлекет башчыларга биздин төрагалыкка көрсөткөн колдоолоруна жана жыйынга келгендерине ыраазычылык билдирип кетким келет. Сиздер дагы ишкерликти жүргүзүү үчүн кыйла жакшы шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгү менен таанышсаңыздар керек. Бүгүн биздин күн тартибибизде маселелердин кеңири багыты каралат. Мен аларды ыкчам иштеп чыгабыз деп ишенем”, - деди А.Атамбаев.

Белгилей кетсек, ЖЕЭК жыйынында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев, Армениянын президенти Серж Саргсян, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Россиянын президенти Владимир Путин, Беларусиянын президенти Александр Лукашенко жана Молдованын президенти Игорь Додон катышууда.

Молдова ЕАЭБде байкоочу макамын сурап жатат.

Пикир

Оставить комментарий