• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Руслан Казакбаев «Анталия дипломатиялык форумунда» сөз сүйлөдү

Саясат 0

Бишкек, 21.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 19-июнунда Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев «Анталия дипломатиялык форумунда» сөз сүйлөдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Казакбаев өз сөзүндө Анталия форуму инновациялык дипломатиялык ыкмаларды колдонуу менен коопсуздукту, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо максатында кызматташууну өнүктүрүү үчүн салттуу жана абройлуу глобалдык аянтчага айланат деп ишеним артты.

Аталган форумдун жыйынтыгында дүйнөлүк коомчулук саясий, экономикалык, экологиялык жана гуманитардык туруктуулукка, эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча көз караштардын жана позициялардын биримдигине жетише алат деген ишенимин билдирди.

Министр Казакбаев өз сөзүндө мамлекеттер аралык талаш-тартыштарды бир гана тынчтык жолу менен жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечүү зарылдыгын белгиледи. Бул контекстте ал жакында кыргыз-тажик чек арасында орун алган жаңжалды эскерип, тараптар аны дипломатиялык ыкмалар менен чечүүгө умтулгандыгын белгиледи.

Учурда дүйнөдө түзүлүп жаткан геосаясий архитектурасын белгилеген Министр Р.Казакбаев Азия континентиндеги интеграциялык процесстердин маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал катышуучуларды регион менен жалпысынан континенттердин ортосундагы соода-экономикалык, транзиттик, транспорттук, энергетикалык жана маалыматтык технологиялык өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө чакырды.

Бул контекстте Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы кылымдар бою сыналган "Жибек Жолунун" элдери орноткон регионалдык байланыштарды пайдаланууну сунуш кылды. Тактап айтканда, Руслан Казакбаев Баку – Тбилиси – Карс темир жол долбооруна кошулганда, Кытайга материк аркылуу Европа менен байланышууга мүмкүнчүлүк бере турган Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан сыяктуу Азия байланыш магистралдарын өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи. Ал туруктуулукту, коопсуздукту сактоо жана чыр-чатактарды болтурбоо үчүн мамлекеттердин жана элдердин тышкы саясатын активдештирүү үчүн ишеним чараларын иштеп чыгуу механизмдерин иштеп чыгууну сунуш кылды.

Заманбап дүйнө түзүлүшүндө Евразия континентинин жана түрк мамлекеттеринин мааниси өсүп жаткандыгын белгилеген министр Казакбаев келечектүү адамдык, интеллектуалдык, энергетикалык, транзиттик жана транспорттук ресурстарга ээ болгон Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана элдеринин өзгөчө ролун баса белгиледи.

Сөзүнүн аягында КР ТИМ башчысы Түркия Өкмөтүнө жана президент Режеп Тайып Эрдоганга эл аралык форумду мыкты уюштургандыгы, меймандостугу жана Кыргызстан менен чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулоо үчүн эки тараптуу жана көп тараптуу форматта жолугушууларга мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий