• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алтын катылган руданы жана аралашмаларды сатуудагы киреше салыгын 3 пайызга көбөйтүү сунушталууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.02.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети тоо-кен тармагындагы салык өлчөмүн көбөйтүүгө багытталган “КР Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы кабарлайт.

Демилгечи – Өкмөт.

Экономика министринин орун басары Элдар Алишеров Өкмөт мыйзам долбоору аркылуу тоо-кен жана тоо-кен кайра иштетүү тармактарындагы ишканалардын алтын катылган руданы жана аралашмаларды сатуудагы киреше салыгын 3 пайызга көбөйтүү демилгесин сунуштап жатканын билдирди. «Ошондой эле алтын катылган руданы жана аралашмаларды сатуудагы роялтинин базалык салыгы да кайра каралат. Эгер афинаждалган алтын Кыргызстанга кайра алынып келсе, салык алынбайт», - деди ал.

Өкмөттүн божомолунда мындай чаралардын натыйжасында бюджетке кошумча 300 млн сом киреше түшөт.

Пикир

Оставить комментарий