• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Жеңиш күнү "Өчпөс полк" акциясы өтөт

Жеңишке 75 0

Бишкек, 25.02.20. /Кабар/. Бишкекте 9-Май – Жеңиш күнүнө карата "Өчпөс полк" акциясы өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинен билдиришти.

Шаардык кеңештен билдиришкендей, "Өчпөс полк" акциясын өткөрүү боюнча жумушчу комиссиясынын мүчөлөрү жыйынга чогулуп, аны уюштуруу маселелерин, иш-чаранын программасын талкуулашкан. Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоону даярдоо жана "Өчпөс полк" акциясын өткөрүү боюнча иш-чаралар планы бекитилген.

9-май күнү өтө турган "Өчпөс полк" акциясынын алкагында анын катышуучулары жүрө турган маршрут белгиленген: Катышуучулар А.Масалиев менен Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде саат 09:00дө жолугат; Чогулгандар саат 10:00дө Абдрахманов көчөсү менен Фрунзе көчөсүнө карай жол тартат; Андан кийин Фрунзе көчөсү менен Жеңиш аянтына (өчпөс от) барат; Жүрүштүн катышуучулары Жеңиш аянтына саат 12:00дө келишет. Ал жерде митинг-реквием болуп өтөт. "Өчпөс полк" жүрө турган аралык 6,6 чакырымды түзөт.

"Өчпөс полк" жыл сайын 9-Май – Жеңиш күнүнө карата өткөрүлгөн эл аралык акция. Ал Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жана катышууларынын элесине арналып өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий