• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алтынай Абдымомунова Miss Glam World 2018 сулуулук сынагына катышат

Маданият 0

Бишкек, 23.04.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандын 22 жаштагы модели Алтынай Абдымомунова Miss Glam World 2018 сулуулук сынагына катышат.

Сынактын расмий сайтында маалымдалгандай, ага дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн 40 сулуу катышат.

Сынактын сайтында онлайн-добуш берүү жүрүүдө. Сиздер КР сулуусу үчүн төмөнкү шилтеме аркылуу добуш бере аласыздар.

Буга чейин Алтынай Абдымомунова Тайванда Global Charity Queen 2017 сынагына катышкан.

Miss Glam World – PEGASUS мода үйүнүн эл аралык сулуулук сынактарынын бири. Бул бикини тандоо баскычы жок жалгыз сынак.

Пикир

Оставить комментарий