• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Баткенде жер көчкү түшкөн жол жана канал тазаланууда

Аймак 0

Бишкек, 23.04.18 /Кабар/. Баткен районунун Сай айылындагы жер көчкү катталган аймакка КРнын Өкмөтүнүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев барып, табият кырсыгы катталган аймактан кабар алды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкүл табигат кырсыгынан кийинки абалды калыбына келтирүү боюнча тийиштүү мекемелерге тапшырмаларды берип, абалды жеке көзөмөлүнө алган. Табигат кырсыгынын кесепетин жоюуга айыл өкмөт тарабынан 1-даана, Баткен райондук суу чарба башкармалыгынан 1даана, ЖТИ-2 ишканасынан 1-даана жүктөгүч техникалар тартылды.

КР ӨКМнин Баткен облустук башкармалыгы тарабынан 1800 литр күйүүчү май бөлүнүп берилди.

Бүгүнкү күнгө Мегаком жана Билайн компанияларынын телефон антенасынына баруучу ички чарбалык жолунан 270метр аралыгынан 200-метр тазаланды 70метри калды. Сугат суу менен камсыз кылуучу каналды калыбына келтирүү жумуштары жүрүп жатат 50 мерт канал тазаланды . Азыркы учурда да иш уланууда.

Сай айлынын түштүк чыгыш тарабындага Дектир участкасынын тоо боорунан өткөн Сай айылына келүүчү суугат суу жана ичүүчү суу каналын 130 метр аралыгы бийиктиги 25 м болгон, 15м тереңдикте ойуп жалпы көлөмү 45 000 (кырк беш мин) метр куб жер көчкү 1 км аралыкка түшүп, 7га айдоо жерлерди, тоо башына жайгашкан Мегаком жана Билайн компаниясынын телефон антенасынына баруучу ички чарбалык жолдун 100м аралыгын жана Гороту жайлоого баруучу 150м ички чарбалык жолду басып калган. Ошондой эле Сай айылынын 350 кожолук жашаган жер участоктору, үлүш жерлерин сугат суу менен камсыз кылуучу каналдын суусу токтотулган, (ичүүчү суу, суу түтүгү аркылуу берилгендиктен ичүүгө суу бар.)

Жаратылыш кырсыгынан жабыркаган адам болгон эмес.

Пикир

Оставить комментарий