• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Апрель айынан тарта коронавируска чалдыккандардын саны өсүүдө — министрлик

COVID - 19 0

Бишкек, 15.06.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын апрель айынан тарта коронавируска чалдыккандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, акыркы 7 күн ичинде оорунун жайылуу көрсөткүчү (репродуктивдүү саны (жугуштуулугу)) Rt 1,3 түздү.

“2020-жылы сентябрь айында Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавирустук инфекциянын мутацияланган жаңы штаммы (британ штаммы) катталганын билдирген. Ошол учурдан тартып дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө COVID-19 вирусунун аталган штаммы каттала баштаганы байкалган. 2021-жылы март-апрель айларында ДССУнун Новосибирск шаарындагы референс лабораториясына изилдөөгө жөнөтүлгөн биоматериалдардын 44%да “Британ”, бирден учур Түштүк Африка жана Индия, 39%да Россия штаммдары аныкталган”, - дейт ал.

Рахматуллаев катталган британ, түштүк-африка, индия штаммдары төмөнкү санитардык-гигиеналык жана эпидемиологиялык талаптарды аткарбаган шартта калк арасында оорунун көбөйүшүнө таасирин тийгизиши мүмкүндүгүн айтат:

- коомдук жайларда беткап режимин, колдун гигиенасын сактабоо;

- чектөөлөргө карабастан маданий массалык жана салтанаттуу иш-чаралардын өткөрүлүшү;

- коомдук жайларда (коомдук тамактануу жайларында, транспортто, соода борборлорунда, базарларда жана башка жайларда аралыкты сактабоо;

- өзүнүн абалын туура эмес баалоо, сактыктын жоктугу, вирустук инфекциянын белгилери бар адамдар мектепке, жумушка жана коомдук жайларган барууну улантууда.

Пикир

Оставить комментарий