• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Ар бир күнүңөр унутулгус сезимдерге толсун! Президент кичинекей кыргызстандыктарды куттуктады

Президент 0

Бишкк, 01.06.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады.

Төмөндө мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу бөбөктөр, кымбаттуу жеткинчектер!

Ардактуу кыргызстандыктар!

Сиздерди жаркын келечек ээлери болгон балдарыбыздын майрамы менен чын дилимден куттуктаймын!

Кайсы гана өлкөнү албайлы, кайсы гана элди албайлы, бала – бул бакыт, бала – бул жашоо маңызы деп айтылып, балага мээрим төгүү жана кам көрүү баарынан жогору бааланат. Мамлекеттин социалдык саясатында дагы эң маанилүү, артыкчылык берилген багыттарынын бири катары каралат.

Биздин Баш мыйзамыбызда балдар Кыргыз Республикасынын эң баалуу байлыгы деп белгиленип, мамлекетибиз балдардын ар тараптуу руханий, адеп-ахлактык, интеллектуалдык жактан өнүгүүсүнө жана ден соолугу чың болуп жетилишине өбөлгө болуучу шарттарды түзүү аркылуу аларды мекенчилдикке, атуулдукка тарбиялоо милдетин өзүнө алган.

Кылымдарды карыткан кыргыз элибизде балдарга кам көрүүгө эзелтеден өзгөчө маани берилип, “Тегиңди сактайм десең уул тарбияла, улутуңду сактайм десең кыз тарбияла”, – деген накыл сөздө туюнтулгандай, төрөлгөндө бешик ыры менен, эс тартканы мекенчилдикке, баатырдыкка үндөгөн ар кандай аңгеме-жомок, макал-лакап, накыл кептер менен таалим-тарбияга сугарып келишкен.

Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан балдардын ден соолугуна кам көрүүгө, социалдык жактан коргоого, ата-бабаларыбыздан калган рухий баалуулуктардын таасиринде тарбиялоого, заманбап билим берүүгө болгон аракеттер көрүлүп жатат. Себеби, ар бир үй-бүлөнүн да, өлкөбүздүн да ийгилиги менен жетишкендиги таалим-тарбия көргөн, сапаттуу билим алган, ден соолугу чың балдардын колунда экенин жакшы билебиз.

Ошону менен бирге, бардык ата-энелерди балдарга мээрим төгүп, камкор мамиле кылууга чакырам.

Урматтуу балдар, кымбаттуу жеткинчектер!

Силердин келечегиңер алдыда. Эң алды менен улууларды урматтап, ата-энеңерди сыйлагыла. Ой-кыялыңардын ишке ашуусу үчүн жакшы окуганга умтулуп, талбай билим алгыла. Элдин сыймыктуу уулу, сыймыктуу кызы болгула!

Ар бир күнүңөр жакшы маанай, жаркын элестер менен унутулгус сезимдерге толсун!

Майрамыңар кут болсун!”.

Пикир

Оставить комментарий