• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Садыр Жапаров "Барселонанын" легендалары менен жолдоштук беттеште ойнойт

Президент 0

Бишкек, 18.08.23. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бишкек шаарында испаниялык "Барселона" клубунун легендалары менен жолдоштук беттеште ойнойт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Мамлекеттик башчысы "Азия легендалары" командасынын курамында оюн талаасына чыгат. Футболдук беттеш 30-августта Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат 20:00дө башталат.

Эске салсак, "Барселонанын" жылдыздары Кыргызстанда үч күн, 28-августтан 30-августка чейин болот. Алар испаниялык клубдун Жалал-Абаддагы академиясынын расмий ачылыш аземине катышып, Бишкекте жолдоштук беттеш өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий