• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ар түрдүү соттордо КРнын кызыкчылыктарын көздөө үчүн юридикалык кызматтарды көрсөтүүгө тендер жарыяланат

Коом 0

Бишкек, 04.10.19. /Кабар/. Ар түрдүү соттордо КРнын кызыкчылыктарын көздөө үчүн юридикалык кызматтарды көрсөтүүгө тендер жарыяланат. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Сот өкүлчүлүгү борбору ачык тендер жарыялайт жана укуктуу катышуучуларды арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, третей сотторунда жана башка адистешкен соттордо Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө/ Кыргыз Республикасынын өкмөтүнөн доо арыздар боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызыкчылыгын көздөө үчүн юридикалык кызматтарды көрсөтүүгө сынактык өтүнмөлөрүн калтырууга чакырат.

Тендердин шарттары боюнча төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот.

Тендерге катышуу үчүн толтурулган өтүнмөлөрдү көрсөтүлгөн электрондук дарекке жөнөтүү керек: center.court.rep@gmail.com

Пикир

Оставить комментарий