• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Арабдар суммасы 357 млн АКШ долларын түзгөн долбоорлорду жактырды

Өкмөт 0

Бишкек, 12-июль /Кабар/. «Жалпы суммасы $631 млн. АКШ доллары болгон 23 сунушталган долбоордун ичинен Араб Координациялык тобу суммасы $357 млн. АКШ долларын түзгөн долбоорлорду жактырды», - деп билдирди бүгүн 11-июлда, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев Араб координациялык тобу катышкан үчүнчү «тегерек столдун» жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Араб Координациялык тобуна 23 артыкчылыктуу долбоор сунуштаган, анын ичинде 2 жол долбоору, 5 долбоор саламаттыкты сактоо тармагында, 15 ирригация жана суу менен камсыз кылуу боюнча ирригациялык долбоорлор жана 1 долбоор энергетика жаатында болгон. Араб координациялык тобунун өкүлдөрү Кыргызстандагы экономикалык реформаларды жогору баалашып, аларды ишке ашырууда толугу менен колдой тургандыктарын билдиришти.

Ислам өнүктүрүү банкынын вице-президенти Саед Ага маалымат жыйынында августтун аягында калган долбоорлорду карап чыгуу иштери аяктай турганын билдирди. «Бүгүнкү тегерек стол ийгиликтүү жана жемиштүү болду. Бүгүнкү күндө чечим кабыл алына элек калган долбоорлор боюнча биз документтер менен таанышып, аларды талкуулашыбыз керек. Август-сентябрь айларында башка долбоорлорду кароо боюнча иштер жыйынтыкталат», - деп маалымдады Ислам Өнүктүрүү Банкынын вице-президенти Саед Ага.

«Сентябрь айында Кыргызстанга Араб координациялык тобунун фонддорунан техникалык адистер келет. Алар бардык долбоорлорду карап чыгып, ишке ашырууга даярдашат», - деди Мухамметкалый Абулгазиев.

Эскерте кетсек бүгүн, 11-июлда Араб координациялык тобу катышкан үчүнчү «тегерек столдун» жыйыны болуп өттү. Анда АКТ мүчөлөрүнө экономиканын ар кайсы тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн каржылык-техникалык мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгуу сунушталган.

Тегерек столдун ишинин натыйжасында Араб координациялык тобу катышкан үчүнчү «тегерек столдун» жыйынынын мындан аркы кызматташуу багыттарын аныктаган жыйынтык протоколуна кол коюлду. Кыргызстан тарабынан протоколго биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев кол койду, Араб Координациялык тобунан Ислам өнүктүрүү банкынын, Сауд өнүктүрүү фондунун, Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондунун, ОПЕК Фондунун жана Катар өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү кол койду.

Пикир

Оставить комментарий