• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Арал-Миң-Куш унаа жолунда жер көчкүнүн кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

Кырсык 0


Бишкек, 03.05.22. /Кабар/. Арал-Миң-Куш унаа жолунда жер көчкүнүн кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 1-май күнү саат 15:00 чамасында Арал-Миң-Куш унаа жолунда жер көчүп, Миң-Куш дарыясынын жарымын басып калган.

Натыйжада суунун деңгээли көтөрүлүп, унаа жолдун болжолдуу түрдө 35-40 метр аралыгын жеп кеткен. Унаалардын өтүүсүнө кооптуу абал жаралганына байланыштуу унаа жол убактылуу жабылган.

Жерине дарыянын нугун тазалоо жана унаа жолду калыбына келтирүү иш-чараларын жүргүзүүгө ӨКМдин ыкчам тобу, 2 экскаватор, 3 жүктөгүч, 1 ХОВО унаасы тартылды.

Унаа жолдун агызып кеткен бөлүгүнө кум-шагыл төшөлүп, калыбына келтирүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий