• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Араванда 52 жаштагы эркек киши сууга чөгүп кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 09.08.22. /Кабар/. Араванда 52 жаштагы эркек киши сууга чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 8-августта Ош облусунун Араван районундагы Жаңы-Жол айылында агып өткөн Араван-Ак-Буура каналына 1970-жылы туулган Ж.Б. аттуу эркек киши чөгүп кеткен.

Бүгүн издөө иштерин жүргүзүүгө 19 куткаруучу, ИИМден 40 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 9 адам тартылган.

Пикир

Оставить комментарий