• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан бир адам каза болуп, алтоо жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 14.01.20. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан бир адам каза болуп, алтоо жабыркады, - деп маалымдайт КР ӨКМдин басма сөз кызматы.

Ведомстводон кабарлашкандай, аталган унаа жолдун 293-чакырымында (Көтөрмө тилкеси) “Хонда Стрим” үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен.

Кырсыктан бир эркек адам каза болуп, дагы алтоо ар түрдүү жаракат алышкан.

Куткаруучулар каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен

Пикир

Оставить комментарий