• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чычкан капчыгайында жүк ташуучу унаа оодарылып кетип, айдоочу каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 23.10.18./Кабар/. Чычкан капчыгайында адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Жалал-Абад облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык бүгүн эртең менен Бишкек-Ош жолунун 261-чакырымында болгон.

MAN үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу башкаруусун жоготуп, унаа капталына көңтөрүлгөн. Алган жаракаттарынан улам айдоочу каза болуп, жанында отурган жүргүнчү оорукананын хирургия бөлүмүнө жеткирилген.

Анын айтымында, кырсык болгонго чейин 1 мүнөт мурда айдоочу ага тормоздор иштебей калганын айткан.

Пикир

Оставить комментарий