• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

АКШ Өзбекстан менен соода жана инвестициялык кызматташтык деңгээлин жогорулатмакчы

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 23.10.18. / Кабар/. АКШ Өзбекстан менен соода жана инвестициялык кызматташуу деңгээлин жогорулатууну ниет кылууда. Бул тууралуу бүгүн «Hyatt Regency Tashkent» мейманкансында өтүп жаткан өзбек-америкалык бизнес форуму учурунда Америка-Өзбек соода палатасынын төрагасы Кэролин Лэмм айтканын иш-чарада катышкан «Кабардын» кабарчысы билдирет.

Анын айтымында, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жакында эле америкалык делегацияны кабыл алып, экономиканын ар кыл тармактарындагы келечектүү долбоорлор талкууланган. Маселен, агроөнөр жай комплексинде, электротехника, фармацевтика тармактарында. Мында алдынкы америкалык уюм жана компаниялардан алдынкы тажрыйба, заманбап технологиялык жетишкендиктер жана түз инвестицияларды тартуу башкы орунда турат.

«Кечээ биз өтө маанилүү фактыны, орустар көбүрөөк макулдашууга кол койгонун билдик. Биз инвестиция жана соода деңгээлин көтөрүү үчүн көбүрөөк макулдашуу түзө алабыз деп чечтик. Өзбекстан менен болгон меморандумдарыбыз башы гана, биз алдыга гана жүрүп барабыз», - деп белгиледи ал.

Лэммдин айтымында, америкалык компаниялар Өзбекстандагы долбоорлорго 9 миллиард доллардан ашык каражат салууга даяр.

Америка-Өзбек соода палатасы 1993-жылдан бери эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштардын өнүгүшүнө, эки өлкөнүн ишкана, ассоциация, уюмдардын ишкердик байланыштарын түзүүгө, АКШ менен Өзбекстандын ортосундагы долбоор жана бирдиктүү программларды колдоо жан жүзөгө ашыруу максатында ыйгарым укуктуу министрлик жана ведомстволордун кызматташуусун бекемдөөгө көмөк кылган аянтча болгону белгиленди.

Америка-Өзбек соода палатасы дүйнөлүк аты бар ири компаниялардын ишенимине ээ болгонун акыркы жылдары АӨСПнын катышуучуларынын саны 11ден 37 компанияга жеткени көрсөтүүдө. Учуруда бул соода палатасы «Procter&Gamble», «ExxonMobil», «JohnDeere», «Visa», «Medtronic» жана башка бренддерди бириктирип турат.

Үстубүздөгү жылдын 9 айында эки жактуу товар айланымын 2 эсеге көбөйтүп, ал 332 миллион долларга жеткирилген.

Бүгүнкү күнү Өзбекстандын аймагында АКШ компанияларынын катышуусунда 210 ишкана ишмердигин жүргүзүүдө. 2018-жылдын башынан тарта америкалык капиталдын катышуусу менен 25 ишкана түзүлгөн.

1998-2017-жылдар аралыгындагы Өзбекстандын экономикасына тартылган америкалык инвестиция жана насыялардын жалпы көлөмү 1 млрд. доллардан ашат.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин АКШга болгон акыркы иш сапарынын жүрүшүндө жалпы наркы 4,8 млрд. доллар болгон долбоорлорду ишке ашыруу макулдашылган.

Пикир

Оставить комментарий