• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажикстан Билим берүү министрлиги мектептерде Жаңы жылды майрамдоого тыюу салынганын четке какты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.12.18/ /Кабар/. Тажикстан Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү жайларында Жаңы жылды майрамдоого тыюу салынганы тууралуу маалыматтарды четке какты.

Тажикстан билим берүү жана илим министри Нуриддин Саид 24-декабрда жогорку окуу жайларында жана мектептерде Жаңы жылды майрамдоонун тартиптери тууралуу көрсөтмө берилбегенин айтты. Ошол эле учурда ал айрым эрежелерди эске салды:

— Билим берүү жана илим министрлиги балатыларды кыюуга такыр каршы - аларды окуу имараттарынын айланасын жашылдандыруу үчүн өстүрүшөт. Биз майрам үчүн ата-энелерден акча чогултууга жана пиротехникалардын колдонулушуна дагы макул эмеспиз. Ал өрт кырсыктарына алып келиши ыктымал.

Бул арада Хамадони районундагы мектептердин биринде окуган Даврон жетекчилик Жаңы жылды майрамдоого тыюу салганын билдирди:

— Биз, бүтүрүүчүлөр башка мектептин окуучулары менен бирге Жаңы жылдын алдында кече уюштуралы дегенбиз. Бирок директор тыюу салып, Жаңы жыл орус мектептерде гана белгиленерин айтты.

Хатлон облустук элдик билим берүү бөлүмүнүн башчысы Диловаршо Исозода Жаңы жыл орусча билим берген мектептерде гана майрамдаларын тастыктады. “Тажик мектептерде Нооруз белгиленет” деди ал. Облустук элдик билим берүү башкармалыгы Жаңы жылды майрамдоо боюнча кат түрүндө сунуштар берилбегенин, директорлорго мындай чечим оозеки түрүндө гана айтылганын ырастады.

2013-жылы Тажикстан Билим берүү жана илим министрлиги Жаңы жылды майрамдоону чектөө боюнча билим берүү мекемелерине кат түрүндө сунуштарды жөнөткөн.

Пикир

Оставить комментарий