• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Россиялык миллиардер Өзбекстанда ири газ долбоорунун үлүшүн сатып алды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.12.17 /Кабар/. Россиялык ишкер Андрей Филатовдун Brighttree Holding LTD компаниясы Өзбекстандагы «Эгемендүүлүккө 25 жыл» деп аталган кенди иштетүү долбоорунун 50% алды.

«Коммерсантъ» гезитинин маалыматына караганда, жаңы инвестордун долбоордогу түз үлүшү 37,5% түзөт.

Кенди өздөштүрүү иштери быйыл апрелде келишилген макулдашуунун алкагында жүргүзүлөт. Surhan Gas Chemical Operating Company операторунун калган акционерлери Gas Project Development Central Asia AG (Газпромбанк менен «Газпромдун» биргелешкен ишканасы) жана «Узнефтегаздобыча» («Узбекнефтегаздын» курамына кирет) ишканасы болуп эсептелет.

Андрей Филатов Россиядагы ири темир жол операторлору эсептелген Globaltrans жана «Трансойл» компанияларынын, ошондой эле контейнер терминалдарынын Global Ports операторунун үлүштөрүнө ээлик кылат.

100 миллиард куб метр запасы бар «Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгы» кенин өздөштүрүүнүн алкагында чалгындоо жана газ-химиялык комплексти куруу менен кенди иштетүү жумуштары каралган. Долбоордун жалпы баасы $5 млрд, алгачкы баскычы — $2 млрд. жакын сумманы түзөт. Андрей Филатовдун өкүлдөрү коммерциялык шарттар кийинчерээк макулдашыла турганын билдиришти.

«Бул келечектүү, Өзбекстандагы өнүгүү баскычындагы ири долбоорлордун бири. Андан тышкары бүгүнкү күндө Өзбекстан инвестицияларга ылайыктуу болгон бардык шарттарды түзүп берүүдө. Бул боюнча макулдашууга кол коюлду», — деди Андрей Филатов.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий