• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тажикстан менен Өзбекстан бухара тоо текесин эл аралык коргоого алууну сунушташууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.02.20. /Кабар/. Тажикстан, Өзбекстан жана Иран Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) бухара тоо текесин жоголуп бараткан жаныбарлардын тизмесине киргизүүнү сунушташты. Акыркы чечим БУУнун айлана-чөйрөнү коргоо боюнча 17-22-февралда Индияда өтө турган эл аралык конференциясы учурунда кабыл алынат.

Тажикстан тоо теке өзүнүн кооз мүйүзү менен аркар жана ак илбрис сыяктуу эл аралык деңгээлде көңүл бурууга арзыйт деп үмүттөнүп турат.

Бухара тоо текелери көбүнчө Тажикстан менен Өзбекстандын, Иран менен Түркмөнстандын, Пакистан менен Индиянын чек араларында кезигет. Алар дайыма жер которуп жүрүшөт.

Бухара тоо текелери жылуулукту сүйгөн сүт эмүүчүлөрдүн катарына кирет, мындан улам алар өтө бийик тоолордо болбойт.

БУУнун маалыматына караганда, совет мезигилинде бул жаныбар өтө көп санда болгон, бирок соңку жылдары кескин азайып кетти. Буга жайыттардын кыскарышы, карышкыр жана башка жырткыч айбанаттардын кол салышы себеп болгон. Алар үйүр-үйүр болуп жүрүшөт жана айрым учурда жылына үчтөн жолу төлдөйт.

Пикир

Оставить комментарий