• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Араванда бала бакча курууда мамлекетке 3,2 млн сом зыян келтирилген

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.06.22. /Кабар/. Араванда бала бакча курууда мамлекетке 3,2 млн сом зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Араван районунун Кайрагач-Арык айылына 60 окуучуга ылайыкталган бала бакчанын имаратын куруу боюнча конкурс өткөрүлүп, «А.» ЖЧКсы жеңүүчү деп табылган. 21,8 млн сомдон ашык суммага тиешелүү келишим түзүлүп, толугу менен каржыланган.

Курулуш иштери аяктагандан кийин кабыл алуу актысы түзүлүп, объект пайдаланууга кабыл алынган.

Ош облустук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө курулуш материалдары жана иштер жогорулатылган баада аткарылгандыгы жана бир катар курулуш иштери иш жүзүндө аткарылбагандыгы аныкталган. Бирок буга карабастан имарат кабыл алынып, толугу менен пайдаланууга берилген.

Натыйжада, Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын, Ош облусунун архитектуралык-курулуштук контролдоо боюнча регионалдык башкармалыгынын жана “А.” ЖЧКнын кызмат адамдарынын аракеттеринен улам мамлекетке 3 млн 208 миң 377 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Ош облустук прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий