• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аргентинада коронавирустун “омикрон” штаммынын биринчи учуру катталды

Дүйнө 0

Бишкек, 06.12.21. /Кабар/. Аргентинада коронавирустун “омикрон” штаммынын биринчи учуру катталды. Бул тууралуу ТАСС басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, аталган штамм Түштүк Африкадан АКШ аркылуу Аргентинага 30-ноябрда келген саякаттоочудан аныкталган.

“Учакка отурарда жана учуп келгендеги тесттин жыйынтыгында оору аныкталган эмес. Өлкөгө келгенде кайрадан тест тапшырганда “омикрон” штаммы аныкталды. Вакцина алган жаранда оорунун белгилери байкалган эмес”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 29-ноябрда Аргентинанын бийлиги Африка өлкөлөрүнөн келген бардык жарандарга 14 күндүк карантин режимин киргизген.

Пикир

Оставить комментарий