• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы астында ЕЭК Кеңешинин кезектеги жыйыны өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 17.04.22. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Москва шаарына (Россия Федерациясы) жумушчу сапарынын алкагында үстүбүздөгү жылдын 15-апрелинде Евразия Экономикалык Комиссиясынын кеңешинин жыйынын төрага катары өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Кеңештин күн тартибинде 49 маселе каралган, анын ичинде маанилүү импорттук товарлардын кеңири ассортименти үчүн бажы алымдарынын ставкаларын убактылуу баштапкы абалына келтирүү маселеси каралды. Талкуунун жыйынтыгында бул маселе Кеңеш тарабынан жактырылды. Натыйжада, аталган чечим менен үч жүзгө жакын позиция боюнча демилгелер макулдашылды.

Белгилей кетсек, алымдарды баштапкы абалына келтирүү фармацевтикалык продукцияга, текстиль өнөр жайын колдонуу үчүн зарыл болгон товарларга, үрөнгө, жер семирткичтерге, электр жабдууларына, кагаздын жана картондун айрым түрлөрүнө жана башка буюмдарга өз таасирин тийгизет.

Кыргыз Республикасы үчүн маанилүү чечимдердин бири болуп 35 миң тонна өлчөмүндө ак кантты жана чийки камыш кантты алымсыз ташып келүүгө кошумча квоталарды берүү маселеси болду.

Андан соң Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россияга жеке колдонуу үчүн товарларды бажы алымдарын жана салыктарын төлөбөстөн ташып келүүнүн наркынын ченемдерин 1000 еврого чейин жана салмак нормаларын 31 кг чейин жогорулатты. Кеп коштолгон жана (же) коштолбогон багажды, аба жолунан башка транспорттун бардык түрлөрү, же жөө ташып келүү тартиби жөнүндө болуп жатат. Буга чейин жеке колдонуу үчүн товарларды ташып келүүдө алымсыз босого 500 еврону жана 25 кг түзгөн.

ЕЭК Кеңеши өлкөлөр тарабынан өз ара товар жүгүртүүдө чектөөлөрдү киргизүүдө жана аны алып салууда ЕАЭБ мамлекеттери менен Комиссиянын өз ара аракеттенүү Тартибин бекитти. Тартип мүчө мамлекеттердин ачык болжолдонуучу аракеттери аркылуу киргизилген чектөөлөрдүн терс кесепеттерин минималдаштырууга, аларды киргизүү мөөнөттөрүнүн зарылдыгын негиздөөгө, мүчө мамлекеттердин мамлекеттик органдарына жана бизнес-коомчулугуна маалымдоого мүмкүндүк берет.

Кеңештин мүчөлөрү товарлардын айрым категорияларын бажы төлөмдөрүн жана салыктарын төлөбөстөн убактылуу ташып келүүнү эки жылга чейин узартууну макулдашты. Мурда бул мөөнөт бир жылды түзгөн.

Алты айга чейинки мөөнөткө ташып келүү бажы алымдарын төлөөнү пайызсыз кийинкиге жылдыруу, же бөлүп төлөө боюнча жаңы негиз тууралуу чечим кабыл алынды.

Кеңештин маанилүү чечими катары Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү жөнүндө макулдашуу болду. Бул чечим камсыздандыруу кызматтары рыногун өнүктүрүүнү активдештирүүгө, жоготуулардын ордун толтуруу жана финансылык ресурстарды топтоо механизмин түзүүдө камсыздандыруунун социалдык-экономикалык ролун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

ЕЭК Кеңешинин чечими менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнесин колдоо чарасы катары Евразия реестриндеги товарларды экспертизалоо актысынын колдонуу мөөнөтү бир жылга узартылды. Документ мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү максатында товарлар чыгарылган өлкөнүн эрежелери боюнча комиссия тарабынан түзүлүүчү евразиялык өнөр жай товарларынын реестрине товар жөнүндө маалыматты киргизүү үчүн зарыл.

Үстүбүздөгү жылдын 26-27-майында Бишкек шаарында өтүүчү Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынынын күн тартиби бекитилди.

Ошондой эле, ЕЭК Кеңешинин отурумунун алкагында башка маселелер, анын ичинде бизнестин кызыкчылыктарын козгогон маселелер каралды.

Пикир

Оставить комментарий