• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ашхабад: жума баяндарда президенттин душмандарына наалат айтылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 20.05.19 /Кабар/. Ашхабадда имамдар жума намаздан кийинки баяндарда жарандарды өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедовду сүйүүгө чакырып, Кудайдан ага ден соолук жана узак жашоо тилеп жатышат. Бул тууралуу жума намазга катышкан «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматынын кабарчысы билдирди.

«Жума намаздан кийин имам президентти мактай баштады. Ал биздин жетишкендиктерибиздин бардыгы мамлекет башчынын саясатынын аркасы менен болуп жатканын айтты. Андан соң пайгамбар сыяктуу мекенибизди жана президентти сүйүүгө чакырды», —деди кабарчы.

Анын айтымында, мындай чакырыктардан тышкары бул жолу президенттин душмандарына карата наалат дагы айтылды. «Имам Кудайдан президент Гурбангулы Бердымухамедовго ден соолук, узун өмүр тилеп, анын бардык душмандарына наалат айтып, аларды жазалоону суранды», — деди кабарчы.

Анын белгилешинче, чогулгандардын көбү бийликтин жума баяндарды мамлекеттик пропаганданын куралы катары пайдаланып жатышына нааразы болушту. «Имам саясий билдирүүлөрдү айта баштаганда чогулгандардын көбү өз ара кобурашып, «кайрадан баштады» деп нааразы болушту», — деди ал.

Басылма жума баяндарда саясий билдирүүлөрдүн айтылышы боюнча өкмөттүн алдындагы Дин иштери боюнча башкармалыктан түшүндүрмө ала алган жок.

Пикир

Оставить комментарий