• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ашхабадда алкоголдук ичимдиктерди сатууга чектөө киргизилүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.02.19 /Кабар/. 26-февралда Түркмөнстан борборундагы жеке дүкөндөрдөн алкоголдук продукцияларды алып таштоо боюнча рейд жүргүзүлдү.

Текшерүү – 2018-жылдын аягында кабыл алынган “Алкоголдун зыяндуу таасирлеринин алдын алуу жөнүндөгү” мыйзамдын негизинде өткөн.

Түркмөнстанда бийлик бир нече жолу алкоголду сатууга таптакыр тыюу салган. Өзгөчө коомдук-саясий маанилүү окуялардын же ден соолук жумалыктарынын алдында текшерүүлөр күч алат.

Жыл сайын апрелде өлкөнүн дээрлик бардык жашоочулары жапырт түрдө спорттук иш чараларга катышат.

Мекеме-ишканаларда атайын көнүгүүлөр уюштурулат, алкоголдук ичимдиктер менен чылым сатууга чектөө киргизилет.

Пикир

Оставить комментарий