• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстанда акыркы сутка ичинде 4 миң 375 кишиден COVID-19 аныкталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.07.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 4 миң 375 кишиден аныкталды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 1132, Алматы шаарында – 445 Шымкент шаарында – 125, Акмоло облусунда – 48, Актөбе облусунда - 49, Алматы облусунда - 58, Атырау облусунда - 98, Чыгыш-Казакстан облусунда – 77, Жамбыл облусунда – 36, Батыш-Казакстан облусунда - 216, Караганда облусунда – 451, Костанай облусунда - 43, Кызылорда облусунда - 18, Мангистау облусунда - 10, Павлодар облусунда - 103, Түндүк-Казакстан облусунда - 20, Түркестан облусунда – 31 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 466 миң 792 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий