• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ашхабаддагы мектеп бүтүрүүчүлөрү шашылыш аскерге чакырылууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.06.19. /Кабар/. Ашхабадда 18 жашка толгон мектеп бүтүрүүчүлөрү шашылыш түрдө аскерге кызмат өтөөгө чакырылууда. Бул тууралуу centralasian кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, айрым аскердик комиссариат өкүлдөрү жазгы чакыруу өнөктүгү аяктаганга чейин үлгүрүп калуу үчүн мугалимдерге кайрылып, сынак тапшыруу жараянын тездетүүнү өтүнүп жатышат.

​«Менин кошунамдын кызы быйыл мектепти аяктап жатат. Ал классташтарынын айрымдары аскерге чакырылганын ырастады. Алардын орто билим берүү мекемесин аяктагандыгы тууралуу документтерин ата-энелери алып коймой болушуптур», - деди басылманын кабарчысы.

Түркмөнстандагы айрым мектептерде акыркы бүтүрүү экзамендери 7-июнда аяктады. Быйыл 20-мартта жарыяланган жазгы аскерге чакыруу өнөктүгү апрелде башталган.

Акыркы айларда түркмөн бийлиги жарандарды аскерге тартуу боюнча чараларды күчөтүүдө. Быйыл февралда «Азаттыктын» түркмөн кызматы Лебап облусунда жана Ашхабад шаарында ден соолугуна байланыштуу кызмат өтөөгө жараксыз өспүрүмдөр дагы аскерге алынып кетип жатканын кабарлаган. Мындан тышкары марттан тарта бийлик чет өлкөлөрдө окуган аскер курагындагы жарандарын кайтаруу боюнча чараларды күчөткөнү кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий