• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Asia+: Тажикстанда бардык маалыматтык радио жана телеберүүлөргө демөөрчүлүк кылууга тыюу салынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Asia+: Тажикстандын төмөнкү палатасы бүгүн республика өкмөтүнүн “Жарнама” тууралуу мыйзамына сунушталган түзөтүүлөрдү талкуусуз бир добуштан колдоду. Ага ылайык, эми өлкөдө менчиктик түрүнө карабастан, теле жана радиодогу маалыматтык берүүлөргө демөөрчүлүк кылууга тыюу салынат.

Депутат Олим Салимзоддун айтымында, кабыл алынган түзөтүүлөргө ылайык, мындан ары республикада тамеки жана алкоголдук ичимдиктердин өндүрүүчүлөрү өз продукцияларын жарнама кылуу укугунан ажыратылат.

Добуш берген депутаттардын бири дагы тиешелүү түзөтүүлөр эмне үчүн кабыл алынып, эмнеге багытталарына кызыгышкан жок. Бир гана депутат жашыруун “АП” аты менен “бул аркылуу Тажикстандын өкмөтү өлкөнүн маалыматтык мейкиндигин тышкы күчтөрдүн таасиринен коргоо аракетин көрүп жатканын” билдирди.

Түзөтүүлөр ошондой эле, тамеки жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүчүлөр демөөрчүлүк кылган шартта да, аларды көрсөтүүгө тыюу салат.

“Буга чейин алардын продукциясын көрсөтүүгө болбойт эле, эми өндүрүүчү компаниялардын өзүн көрсөтүүгө болбойт”,- деди парламенттеги булак “АП”.

Пикир

Оставить комментарий