• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аскарбек Токтошев: Кыргызстанда таза суусу жок 654 айыл бар

Коом 0

Бишкек, 03.10.19. /Кабар/. Кыргызстанда таза суусу жок 654 айыл бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Таза суу менен камсыздоо департаментинин директору Аскарбек Токтошев билдирди.

Анын айтуусунда, быйыл 44 айылга суу жеткирилет. 2024-жылга чейин өлкө аймагындагы баардык айылдар таза суу менен камсыз болот, анын ичинде Талас аймагы да бар.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊеште Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын (Ислам шериктештик фондунун администратору катары) ортосундагы “Баткен жана Талас облустарын суу менен камсыз кылууну жана санитарияны жакшыртуу” долбоору боюнча насыялык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Аскарбек Токтошевдин айтымында, келишимге ылайык, Баткен жана Талас облустарынын айылдарын таза суу менен камсыз кылуу максатында 20 млн доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя берүүгө даяр. Насыя 30 жылдык мөөнөткө 1 пайыз үстөгү менен берилмекчи.

«Эгерде долбоор ишке ашырылса, эки облустун 146 миӊ адам жашаган 135 айыл таза суу менен камсыз болот. Ал үчүн кыргыз тарап да 10 млн доллар өлчөмүндө каражат кошууга тийиш. Бул долбоор ратификацияланар замат башталып, анын аткаруу мөөнөтү – 4,5 жыл», - деп кошумчалады баяндамачы.

Пикир

Оставить комментарий