• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ӨКМ: Өлкө боюнча жалпы 300 миң 15 чарчы метр аймак дезинфекцияланды

Коом 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Кечээ, 29-апрелде өлкө боюнча 47 237 чарчы метр имараттын ичи, 252 778 чарчы метр имараттын сырты, жалпы 300 015 чарчы метр аймак жана 931 098 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, иш-чарага 282 куткаруучу тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунда 504 100 погондук метр унаа жол дезинфекцияланып, 950 кг хлор колдонулду;

Нарын облусунда 807 чарчы метр имараттын ичи, 3401 чарчы метр имараттын сырты жана 82 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 524 кг хлор колдонулду;

Ысык-Көл облусунда 2700 чарчы метр имараттын ичи, 160 000 чарчы метр имараттын сырты жана 3600 погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланып, 183 кг хлор колдонулду;

Жалал-Абад облусунда 10 100 чарчы метр имараттын ичи, 17 447 чарчы метр имараттын сырты жана 117 498 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 49 кг хлор, 235 даана хлор таблеткасы жана 933 литр суюк хлор колдонулду;

Ош облусунда 24 474 чарчы метр имараттын ичи, 19 090 чарчы метр имараттын сырты жана 91 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 772 кг хлор жана 100 литр суюк хлор колдонулду;

Ош шаарында 2370 чарчы метр имараттын ичи, 9800 чарчы метр имараттын сырты дезинфекцияланып, 8,9 литр суюк хлор колдонулду;

Бишкек шаарында 19650 чарчы метр имараттын сырты, 83 200 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 362,2 кг хлор колдонулду;

Баткен облусунда 4116 чарчы метр имараттын ичи, 18 854 чарчы метр имараттын сырты жана 25 100 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 40 кг хлор, 39 литр суюк хлор, 6 даана хлор таблеткасы колдонулду;

Талас облусунда 2670 чарчы метр имараттын ичи, 4536 чарчы метр имараттын сырты жана 24 600 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 56,5 кг хлор колдонулду.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар, дарыканаларда жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө. Учурда иштер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий