• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Үч-Коргон жана Токтогул ГЭСинде реконструкция иштери кандай аткарылып жатат?

Коом 0

Бишкек, 07.03.24. /Кабар/. Энергертика министрлиги Үч-Коргон жана Токтогул ГЭСиндеги реконструкция иштери тууралуу маалымат берди.

Билдирүүгө ылайык, «Электр станциялары» ААКнын Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтеринин бирден гидроагрегаттары 5-марттан тарта реконструкцияга берилген.

Учурда Токтогул ГЭСтин №1 гидроагрегатын реконструкциялоого карата энергетиктер өз ишин баштаганына үч күн өттү. Ал аралыкта "ТГЭСти реабилитациялоо" долбоору боюнча төмөнкү иштер жүргүзүлүүдө:

1. Объекттин аймагында турбинанын валын даярдоо жана орнотуу
2. 707м бийиктикте ГА-1 муздатуу системасынын түтүктөрүн ширетүү жана монтаждоо
3. Ротордун спицаларын ширетүү жана жылмакайлоо
4. Жогорку валдагы дүүлүгүү системасынын өткөргүч шиналары үчүн кронштейндерди чогултуу.
5. Түтүктөрдү орнотуу үчүн бетонду демонтаждоо;
6. Демонтаждоо жана 740м төмөн басым кысылган аба системасынын түтүктөрүн монтаждоо иштери
7. Насостук агрегаттын май бактарынын фланецин демонтаждоо
8. Тазалоо жана таштандыларды терең төгүүчү тосмо бөлмөсүнөн чыгаруу жумуштары
9. Таштандыларды кармоочу торлордун таякчаларын демонтаждоо
10. Тереңдикти төгүүчү сегменттик тосмо демонтаждоо үчүн сол жагында даярдык көрүү.
11. Таштандыларды кармоочу торлорду алты таякчага А тарабында демонтаждоо.
12. Ремонттук тосмону алдындагы жүрүүчү дрон менен текшерүү болду иштери уланууда.

Мындан тышкары, Үч-Коргао ГЭСин модернизациялоо долбоору дагы башталган.

Маалыматка ылайык, Үч-Коргон ГЭСнин ГА-4 демонтаждоо башталганга чейин алдын ала иш-чаралары активдүү жүргүзүлдү. Генераторду монтаждоо, ошондой эле агымдын өйдө жагына тосмолорду орнотуу үчүн жер даярдалды. Жабдууларды сактоочу кампа курулган. 2023-жылдын 4-декабрынан 6-декабрына чейинки мезгилде статор таякчаларынын заводдук кабыл алуу сыноолору ийгиликтүү өткөрүлдү. Подрядчы дренаждык системанын жабдууларын, кургатуу системанын жабдууларын жана ГА 4 статор таякчаларын аянтка жеткирип берди.

Бүгүнкү күндө аткарылып жаткан иштер боюнча оперативдүү отчет:

1. Монтаж аянтчасында статорду чогултуу.;
2. Полюстарды демонтаждоо, демонтаждалган жабдууларды кампага ташуу.
3. Кургатуу системаны реабилитациялоо иштери
4. Дренаждык системаны реабилитациялоо жумуштары
5. ГА-4 демонтаждоо иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий