• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19: Жашы жете элек 100 бала бар — Кыргызстанда ооруга чалдыккандардын жаш курагы

COVID - 19 0

Бишкек, 30.04.20 /Кабар/. Кыргызстанда лабораториялык жактан тастыкталган COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургундардын саны 30-апрелге карата 746га адамга жетти. Алардын ичинен 462си айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, алардын ичинен 402 - аял, 344 - эркектер.

Жаш курактары;

-15 жашка чейин - 100, алардын ичинен төртөө бир жашка чейинки наристе,

-16 жаштан 19 жашка чейин - 20 адам,

-20 жаштан 35 жашка чейин - 210 адам,

-35 жаштан 55 жашка чейин - 257 адам,

- 55 жаштан улуулар - 159ду түзөт.

Белгилей кетсек, 30-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы 17 учур аныкталып, өлкө боюнча COVID-19 вирусун жуктуруунун 746 учуру катталды. Алардын 195и медицина кызматкерлери. Стационарда 276 адам, алардын ичинен алтоо реанимацияда жатат. 462 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Сегиз адам каза тапты.

Пикир

Оставить комментарий