• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коронавирус жуктурган беш адамдын абалы оор, жандандыруу бөлүмүндө жатат - Каратаев

COVID - 19 0

Бишкек, 11.04.20. /Кабар/. Азыркы убакта коронавирус жуктуруп ооруканада жаткандардын саны 290 адамды түзөт. Алардын ичинен бешөө оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, азыркы убакта беш адамдын абалы оор, алар жандандыруу бөлүмүнө жайгаштырылган. “Бүгүнкү күнгө карата коронавирусту аныктоо үчүн 23 миң 870 адам анализ тапшырган. Алардын ичинен 22 миң 471инин анализдеринин жыйынтыктары чыкты”, - деп белгиледи ал.

Ошондой эле Каратаев кошумчалагандай, коронавирус илдетине чалдыккандар менен байланышта болгондордун саны – 6 миң 251ди түздү. Алардын ичинен жакын байланыштар (1-категория) – 1 миң 70 адам, ал эми башка байланыштар (2-категория) – 5 миң 181 адам.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 11-апрелге карата коронавирус жуктурган 41 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 339га жетет. Алардын ичинен 44 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий