• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 16-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу ПРезиденттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 4-майында аял-пенсионерлерди пенсиялык социалдык камсыздоодо бирдиктүү мамиле жасоону калыптандыруу, ошондой эле «Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Мыйзамдын айрым жоболорун “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздоо жөнүндө” Мыйзамга шайкеш келтирүү максатында кабыл алынган.

Аталган максатта «Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Мыйзамга, тактап айтканда 1,17 жана 26-статьяларына өзгөртүүлөр киргизилет. Ал өзгөртүүлөрдө көп жыл эмгек кылгандыгы жана майыптыгы үчүн пенсияга кошумчалар каралып, «Мать-героиня» жана«Баатыр эне» ордендери менен сыйланган энелердин эсептик көрсөткүчтүн 1000 процент өлчөмүндө кошумчага укуктарын бекемдеген пункттар кошумчаланат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Өкмөткө үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын бул Мыйзам(2-статья) менен шайкеш келтирүү милдети тапшырылат.

Пикир

Оставить комментарий