• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аскерлерге коронавируска каршы эмдөөнүн зарылдыгы тууралуу лекция окулду

Коом 0

Бишкек, 28.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 27-июлунда 52806 жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын 10127 аскер бөлүктөрүндө “COVID-19 вакцинация” темасы боюнча лекция өткөрүлдү. Бул тууралуу КР Коргоо министрлигинин маалыматтык иштер башкармалыгы билдирет.

Маалыматка ылайык, лекцияны Коргоо министрлигинин аскер-медициналык башкармалыгынын өкүлдөрү жана Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун кызматкери окуду.

"Лекциянын жүрүшүндө аскер кызматкерлерине эмдөө коопсуздугу боюнча чаралар жана талаптар жөнүндө тааныштырып, алардын бардык суроолоруна жооп беришти",-деп айтылат маалыматта.

Вакцина коронавирус инфекциясын оңой өткөрүп бергендиктен, дарыгерлер аны алууну сунушташты. Вакцинациядан өткөн дарыгерлер өзүлөрүнүн мисалы менен вакцинанын эч кандай зыяны жок экендигин жана аны сөзсүз алуу керектигин далилдешти.

Пикир

Оставить комментарий