• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Астанада балдар ууланган бала бакча текшерилүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 08.02.18. /Кабар/. Астанада бала бакчага бара турган жети бала менен эки киши инфекциялык ооруканага жөнөтүлдү. Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, дагы бир нече бала амбулатордук жардам алды.

7-февралда жергиликтүү ММКлар бала бакчага барган 10 бала жана тарбиячы бир маалда ооруп калганын билдирген. Ата-энелердин айтымында, бир топто тарбияланган балдар кусуп, ичи өтүп, температура болушкан. Дарыгерлер ичеги-карын инфекциясы жана ангина деген диагноз коюшкан.

«№ 36 "Балапан" бала бакчасындагы абал боюнча ата-энелерден даттануулар келип түштү. Учурда инфекциялык ооруканага тогуз киши жеткирилди: жетөө жаш бала, экөө – тарбиячы жана бала багуучу. Калган балдар үйлөрүндө дарыланууда», — деди башкармалыктын башчысы Ануар Жангозин.

Уулануунун себептерин аныктоо үчүн комиссия түзүлдү, бала бакчанын ашканасы текшерилди жана экспертиза өткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий