• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 25 миң адамдан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.08.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 25 миң 40 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 736 жаңы учур катталды. Ал эми 835 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 5 бейтап каза болду.

Өзбекстанда карантин режими 15-августка чейин узартылган.

Өлкөдө коронавирустан 15 миң 299 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 147 бейтап каза болду. 9 миң 592 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 592 адамдын абалы оор болсо, 185инин абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий